Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Түркия: тизме болсо эле студенттердин маселеси чечилеби?


Стамбул шаарындагы Фатих университети.
Стамбул шаарындагы Фатих университети.

Түркияда окуган кыргызстандык студенттер эки өлкө ортосундагы учактын белети кымбат болгондуктан, өз мекенине каникулда каттай албай жатышат. Студенттердин алган стипендиясы өтө аз, ал эми Бишкек-Стамбул каттамын бир гана «Түрк аба жолдору» тейлейт. Анкарадагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча Түркиянын ар кайсы окуу жайларында 1300дөн ашуун кыргызстандык жарандар билим алууда.

Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин милдетин аткаруучу Рамазан Дырылдаев Түркиянын эл аралык кызматташуу агенттиги (ТИКА) кыргызстандык студенттердин өз мекенине келип-кетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө макул болгондугун «Азаттык» үналгысына курган маегинде айтты:

Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин милдетин аткаруучу Рамазан Дырылдаев

- Түркияда Ак партия деген башкаруучу партия бар, анын башкы секретары Исмаил Сафи жана Түркиянын эл аралык кызматташуу агенттиги (ТИКА) башчысы Муса Кулаклыкайа менен ушул гана маселе боюнча атайын жолугушуу өткөрдүк.

Кыргызстандык окуучулар жылдап үйлөрүнө, туугандарына бара албай кыйналып жүргөнүн айттым. Ал кишилер болсо «ошол балдарыңардын тизмесин бергиле. Биз бул маселени силерге чечип бергенге жардам берели», деп айтышты.

Мен Түркияда Кыргызстандан 1300дөн ашуун студенттер бар экен деп айтсам, алар «алардын канчасы учактын белеттерин толугу менен төлөй албайт. Канчасы жарым-жартылай төлөй албайт? Бардыгынын тизмесин бергиле», деди.

Элчи мырза анда аркы иш-аракетинин чоо-жайын да баяндады:

Ал учурда Элчиликте студенттерди тейлеген Айжан Табалдиева болуп Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин өкүлү Заирбек Манашевди, студенттердин активисттеринин өкүлдөрүн чакырып бул маалыматты билдирдик.

«Биз бул маселени чечип келдик. Эми тизмени тактап бергиле, аны биз ТИКАга жеткиребиз. Андан кийин силерге жылына 1 жолу белет алууга жардам беришет», деп айттык.

Андан кийин алар «макул» деп кетишкен, анан карап турсам тизме кечикти. Кайрадан алардан тизмеси суратсам, «азыр жай болуп калды.

Студенттердин айрымдары үйлөрүнө кетип калышты, көптөрү Анталия жана башка жактарга иштеп кетишти. Алар кайра окууга келгенде тизмени тактап беребиз», деп кетишкен.

Анан күз келди, анда дагы бул маселени 2-3 жолу көтөрдүк. Дагы эле «тизмени топтоп жатабыз», деп баш ийкешкени менен тизмени түзүп, тактай албай жатышат. Азыр болсо «кимдин кандай мүмкүнчүлүгү бар деп атайын сурамжылоо жүргүзүп жатабыз, ошого жараша тизме болот», деген жоопту уктум.

Элчилик өзү тарабынан бул маселени чечүү аракетин көрүп, ишти жүргүзүп жатат. Тилекке каршы студенттер өздөрү тизмени топтоп бере албай жатышат.

Азаттык: Элчи мырза, Сиз Түркия тарап менен маселени чечүү жагын сүйлөшүп жатабыз дедиңиз. Ал эми Кыргызстан тарап, атап айтканда кыргыз өкмөтү дары бир аракеттерди көрсө болобу? Маселен, учурда Түркия менен Кыргызстанды байланыштырган бир гана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы бар. Түркиялык ишкерлер бул компаниядан башка, ага атаандаш боло турган авифкомпанияларды ачуу сунушу менен кыргыз өкмөтүнө кайрылса андай сунуштар кабыл алынбаптыр. Кыргызстан өз жарандары Түркияга арзан билет менен каттап турушуна кызыкдар эмеспи?

- Менин маалыматым боюнча Кыргызстанда 32 авиафирма катталган. Тилекке каршы алардын биринин дагы менчик учагы жок жана Түркияга учпайт. Эми бул эски паракор бийликтин заманындагы окуя. Жаңы өкмөттүн болсо иштеп жатканына болгону 2 ай болду.

Бул маселени мен дагы билем. Эмне үчүн «Түрк аба жолдору» жалгыз монополист болуусу керек? Бул жерде эки тараптуу каттам болушу керек. Түрк тарап Кыргызстанга учуп жаткандан кийин кыргызстандык учактар дагы Түркияга каттап турушу керек. Азыр Кыргызстандын учагы жок болгондуктан уча албай жатат.

Азаттык: Түркиялык жеке авиакомпаниялар буга чейин Кыргызстанга катташыптыр. Маселен, «Жандаш» деген авиакомпания Бишкекке учуп турчу экен, ушул сыяктуу башка компанияларга мүмкүнчүлүк берилсе атаандаштык күчөйт беле?

- Мисалы мен билем, мурдагы жылы кыргыз өкмөтүнө «Пегасус» деген компания кайрылган. Ал кездеги өкмөттө вице-премьер болуп турган Өмүрбек Бабанов кайрылышканда ал маселе каралган. Бирок Ө.Бабанов өкмөттө иштебей калып, ошол бойдон бул маселе чечилбей калган. Азыр дагы ушуга окшогон фирмалар кайрылса, өкмөт аны чечээр.


«Өкмөткө доомат коюу – студенттин укугу»

Учурда Анкара шаарында Гази университетинде илимий иш менен алектенип жаткан, докторант Инаш Азим 2003-жылдан бери өз мекенине бир гана жолу келип кеткен.

«Түркияда окуган студенттердин Кыргызстанга келип-кетүү маселесин кыргыз өкмөтү чечип бериши керек. Болбосо студенттердин укугу бузулуп жатат», - деди ал "Азаттыкка".

Анкарадагы Гази университетинин докторанты Инаш Азим, 2010-жыл

Инаш Азим:
- Биз бул боюнча мурунтан эле кайрылып, жазып келе жатабыз. Бирок азыркыга чейин конкреттүү иш чаралар аткарылган жок. Ар дайым Кыргызстандан делегация келип, студенттер менен жолукканда эле ушул маселени коюп келебиз.

Жетиштүү деңгээлде ал аракеттерибизден эч нерсе чыкпай калып жатат. Быйыл дагы студенттер кат аркылуу кайрылышканын мен уктум. Алардын койгон маселесине кыргыз тараптан конкреттүү иш чара көрүлүшү керек.

Азаттык: Тактап айтканда, кандай чаралар көрүлүүсү керек?

Инаш Азим:
- Кыргыз тарап “Түрк аба жолдоруна” кайрылып, студенттер үчүн авиабилеттин баасынан жеңилдиктер берилишин чечип берсин; же болбосо Кыргызстандын авиакомпанияларынын биринин Стамбулга каттамын кошумча ачуу керек деп ойлойм.

Дагы айтайын дегеним, бул жердеги студенттердин жашоо-шартты оор болгондуктан, кээ бирлери апта сайын окуудан кийин, көптөрү жайында иштеп акча табышат. Студенттерге Кыргызстан тараптан стипендия же материалдык жардам берилбейт.

Азаттык: Айрым студенттер Кыргызстандын Билим беруу министрлиги тарабынан окууга жиберилет да. Алар кыргыз тараптан кандайдыр бир колдоо, көмөк алабы?

Инаш Азим:
- Мен билгенден алар эч кандай колдоо алышпайт. Себеби биздин мамлекетибиздин чама-чаркы аз болгондуктан Кыргызстандан эч кандай жардам келбейт.

Азаттык: Студенттер Түркияга жана башка өлкөлөргө окууга жөнөшөт. Студенттик жашоо кайда болбосун дээрлик бирдей. Туурабы? Анан биз үйүбүзгө бара албай жатабыз деп жеке маселесин өлкөгө жүктөп жаткандай сезилбейби?

Инаш Азим:
- Антип талап кылууга студенттердин укугу бар. Себеби ушуга чейин эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Студенттердин эң негизги көйгөйү - өз мекенине каттай албай жатканы. Ошол себептен студенттер чүнчүп, окуудан жадап, психологиялык басымдын алдында калышат.

Ал эми Түркияга окууга келип, келечектеги мамлекеттин билимдүү, сапаттуу кадрлары катары талим алууга умтулган студенттердин мындай доомат коюшуна толук укугу бар деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG