Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Кытайдын президенти АКШга келди


Ху Цинтао АКШга төрт күндүк расмий сапар менен келди. Бүгүнкү жыйында ал президент Барак Обама менен АКШнын Кытай менен соодасындагы тартыштыкты талкуулайт деп болжолдонууда. Кошмо Штаттары бул тартыштыкты кайсы бир деңгээлде Кытайдын улуттук акчасы юандын жасалма төмөн курсунан улам болуп жатат деп эсептейт. Кытай жетекчиси келген күнү эле америкалык ишкерлер менен 8 миллиард доллардык келишимдерге кол коюлду. Америкалык гезиттерге берген маегинде Ху Цинтао АКШ менен Кансыз согуштагыдай мамилени токтотуп, жаңыча кызматташууну сунуш этти.

XS
SM
MD
LG