Расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, бомбаланган эки унаа жанкечтилер тарабынан шийиттердин ыйык жайы жайгашкан Кербала шаарынын чет жакасында жардырылган. Шаарга алып баруучу эки башка жолдо, бири-биринен 20 мүнөттөй аралыкта жасалган жардыруулардан 45 адам каза тапкандан тышкары, кеминде 150 киши каза жаракат алган. Соңку күндөрү Иракта кыянатчылыктар күчөп кетти.