Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

“ЭрК” партиясы Турсунбай Бакир уулуна байланыштуу кайрылуу жасады


Бүгүн “ЭрК” партиясынын төрагасы Раис Алымкулов “АКИпресс” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, "партиянын ардактуу лидери Турсунбай Бакир уулун айрым бейөкмөт уюмдары кысымга алып жатканын" билдирди. Алымкулов бейөкмөт уюмдары менен айрым массалык маалымат каражаттарын улут аралык жана диний маселелерде этият болууга үндөп, коомдун кызыкчылыгын чагылдырууга чакырды.

12-январда “Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө Жогорку Кеңеште намазкана ачуу демилгелери талкууланып, ага Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу менен “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова катышкан. Берүү учурунда эки катышуучунун ортосунда кайым айтыш орун алган. Бул берүүдөн кийин Укук коргоочулар кеңеши “Турсунбай Бакир уулу Динара Ошурахунованын укугун тебелеп, мусулмандардын душманы катары көрсөтүүгө аракет кылды” деген билдирүү таратып, депутатка бойкот жарыялашканын билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG