Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Коргоо кеңешин түзүү боюнча саясий чечим кабыл алынды


Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында өлкө президенти Роза Отунбаева азыркы тапта өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо, экстремизмге каршы күрөшүү жана өлкөнүн ички саясий коопсуздугун сактоо орчундуу маселе болуп жатканын белгилеп, мындан улам Коргоо кеңешин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, Коргоо кеңеши атайын мыйзам кабыл алынгандан кийин гана түзүлүшү керек болчу. Бирок депутаттар мыйзам кабыл алганга чейин өлкө коопсуздугун эске алуу менен аталган кеңеш түзүлдү.

Президент Роза Отунбаева “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндөгү” жардыкка 19-январда кол койгон. Ага ылайык, Коопсуздук кеңеши ордуна Коргоо кеңеши түзүлгөнү кабарланган. Маалыматка ылайык, Коргоо кеңешине өлкөнүн ички коопсуздугуна байланыштуу маселелер жүктөлөт. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG