Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Албанияда өкмөткө каршы демонстрация иликтенет


Бул үчүн парламентте атайын комиссия уюшулду. Бирок комиссиянын түзүлүшү үчүн премьер- министр Сали Беришинин бийликтеги Демократиялык партиясынын депутаттары гана добуш беришти. Бийликтер өткөн жума күнкү демонстрацияны өкмөткө каршы төңкөрүш аракети катары баалашты. Анда борбор Тиранадагы кагылыштан 3 адам каза таап, 150дөн ашуун киши жаракат алган. Бийликтер баш –аламандыкты демонстранттар өздөрү уюштурду деп эсептешет. Оппозиция лидерлери болсо окту озунуп полиция ачкан деп ырасташууда. Демонстранттар өкмөттүн коррупциядан арылышын, парламентке жаңыдан таза, ачык жана адилет шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG