Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Улгайган адамдардын укугу өзүнчө мыйзамда каралат


Бүгүн Бишкекте “Улгайган адамдар жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору талкууланып жатат. Талкууга Жогорку Кеңештин, өкмөттүн жана коомдук уюмдарын өкүлдөру катышууда деп маалымдашты «Азаттыкка» Улгайган адамдардын ресурстук борборунан.

Социалдык фонддун соңку маалыматы боюнча, 2009-жылдын аягында Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 565 миңди түзгөн. Алардын күнүмдүк турмушунда керектелүүчү азык-түлүккө бир айда кеминде 3146 сом талап кылынат. Бирок, өлкөдөгү пенсиянын орточо көлөмү 2954 сомго барабар.

“Улгайган адамдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун иштеп чыккан адистердин айтымында, каражаттын жетишсиздигинен улам, пенсияга чыккандардын көпчүлүгү эс алууга кетпестен, кошумча маяна үчүн иштөөнү улантууга мажбур болушат. Андыктан, мамлекет улгайган жарандардын укуктарын коргоо үчүн атайын концепция иштеп чыгышы керек деп эсептешет бүгүнкү талкуунун катышуучулары.

XS
SM
MD
LG