Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Баткенде жаңы чек ара бекети курулат


Жаңы чек ара бекети Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылы менен чектешкен Баткендин Чарбак айылынын аймагында курулмакчы. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди. Бекетти салууга 18 миллион сом бөлүндү жана аны каржылоо аскер кызматкерлердин турак-жай шартын жакшыртуу боюнча мамлекеттик программа аркылуу ишке ашууда. Ушул программанын негизинде былтыр Баткенде “Марказ”, ал эми Жалал-Абадда “Көкташ” чек ара бекеттери курулган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG