Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Орусия жардыруунун курмандыктарына аза күтүүдө


Бүгүнкү аза күтүү Москва шаары менен Москва облусунун аймагында жарыяланган. Москванын Домодедово аэропортунда дүйшөмбү күнү кечке жуук жасалган жардыруудан 35 киши, анын ичинде сегиз чет элдик жаран набыт болуп, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Каза тапкандардын бири - Кыргызстандын 24 жаштагы жараны Мурат Хакназаров. Тергөө органдарында жардырууну жанкечти жасаган деген шек бар. Орус өкмөт башчысы Владимир Путин бул кылмышты уюштургандар жаза аларын эскертти. Президент Дмитрий Медведев жардырууга жол бергени үчүн аэропорттун жетекчилигин жана күч түзүмдөрүн сынга алды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG