Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Улутташтырылган 38 объект аукцион аркылуу сатылат


Апрель окуяларынан кийин улутташтырылган 47 объекттин 38и аукцион аркылуу сатылып, 9 объект мамлекеттин карамагында калат. Бул тууралуу Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу корунун жетекчиси Дайыр Кенекеев “Кабар” маалымат агенттигинде журналисттерге билдирди. Натыйжада мамлекеттин карамагында кала турган объектилер “Манас” аэропортунун кичи терминалы, “Манас” күйүүчү май менен камсыз кылуу комплекси, “Нарынспецгидроэнергомонтаж” жана «Нарын суу курулуш” компаниялары, “Альфа-Телеком” жана “Чакан ГЭС” жабык акционердик коомдору, “Дастан” корпорациясы, Бишкектеги Эркиндик көчөсүндө жайгашкан административдик имарат жана Бах көчөсүндөгү коттедж шаарчасы болуп саналат. Ал эми калган обьектилерди сатуу боюнча аукционду ушул жылдын июнь айында өткөрүү пландалууда. Объекттер сатылганга чейин алардын ар биринин башталгыч баасын аныктоо иштери жүргүзүлмөкчү.

Улутташтырылган объекттердин бардыгы 2005-2010-жылдар аралыгында, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда мыйзамсыз менчиктештирилгени маалымдалган. Алардын арасына “Бишкек ликер” арак заводу, “Альфа-телеком” уюлдук компаниясы, “Чакан-ГЭС” ишканасы, “Азия Универсал Банкы”, “Бавария-38 крузер” яхтасы, ЯК-40 учагы, “Каприз”, “Витязь” “Аврора грин” өңдүү пансионаттар бар. (KKs)

XS
SM
MD
LG