Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:26

Тунис бийликтен кулатылган президентти камоого буйрук чыгарды


Өлкөнүн юстиция министри Лазар Шеббинин кечээги жарыясына караганда, бийликтер эл аралык полиция уюму – Интерполго мурдагы президент Бен Алини жана анын үй –бүлө мүчөлөрүн камоого көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылды. Алар “мүлктү мыйзамсыз ыйгарып алган”, “чет элдик валютаны мыйзамсыз чыгарып кеткен” деп айыпталышууда. Бир нече күнгө созулган тополоңдордон улам Бен Али 14- январда Сауд Аравияга качууга аргасыз болгон. Тунистиктер мурдагы президенттин тушунда министрлик кызматта иштегендер да азыркы өкмөткө кирип калганына нааразылык билдирип, өлкөдө көчө жыйындар басыла элек.

XS
SM
MD
LG