Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

28-январда жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 27-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -9…-14 градус суук, күндүз 6…11 градус жылуу болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градуска барабар, Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз --3…-8 градус суук болот. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -24…-29, күндүз -9…-14 градуска чейин жетет.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз 8…10 градус жылуу болоору күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG