Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Урмат Барыктабасовдун сотунда милиция кызматкерлери суралды


Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Урмат Барктабасов баштаган айыпталуучулардын соту өтүп, анда айыпталуучуларды кармоого катышкан милиция кызматкерлери көрсөтмө беришти. Бул тууралуу Барктабасовдун жактоочусу Жаманкул Жунусов “Азаттыкка” маалымдады. Соттук жараяндын жүрүшүндө жактоочулар айыпталып жаткан Урмат Барктабасов, Акыл Акунов, Рустам Жунушалиевдердин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко билдиришти. Иш күнү бүткөнүнө байланыштуу сот алардын өтүнүчү кийинки отурумда эске алынаарын белгилеп, “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов баш болгон 15 адамдын ишин кароону 2-февралда калтырды.

Урмат Барктабасов 4-августта кармалган, ага “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, УКМК камакка алган. Бул күнү Урмат Барктабасов баштаган топ Элдик курултай өткөрүү максатында Ысык-Көлдөн Бишкекке келатканда алардын алдын милиция тоскон. Натыйжада эки тарап кагылыша кетип, милиция аларды күч менен кууп тараткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG