Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Июнь окуясын иликтеген Эл аралык комиссия корутундусун мартта жарыялайт


Бул тууралуу июнь окуяларын иликтөөгө алган Эл аралык комиссиянын төрагасы, ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Киммо Кильюнен бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, январь айынын акырында иликтөө иштери аягына чыгат. Февралда болсо комиссиянын мүчөлөрү Финляндиянын Хельсинки шаарында жолугуп, чогулган материалдарды анализдөөгө киришет. Натыйжада иликтөөнүн жыйынтыгы жана сунуштар март айынын ортосуна чейин даяр болуп калат. Маалыматка ылайык Эл аралык комиссия иликтөөсүнүн алкагында 400 киши менен интервью уюштуруп, 100гө чукул адамдан арыз алышкан. Комиссиянын Кыргызстандын түштүгүндө ачылган бюросуна 212 киши келип маалымат беришкен. Натыйжада аталган комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жалпысынан 700дөн ашык адамдардын билдирүүсүнүн негизинде чыгарганы турат.

2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад аймагында болгон окуяларды иликтеген Эл аралык комиссия өткөн жылдын октябрь айында изилдөөлөрүн баштаган. Буга чейин июнь коогасын изилдеген Улуттук комиссия бир нече апта мурда өз ишинин жыйынтыгын жарыялаган. Анда тополоңго айрым жергиликтүү өзбек тектүү лидерлер шыкакчы болгон деп белгиленип, Кыргызстанда 7-апрел ыңкылабынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кандуу окуялардын алдын алган эмес деген жыйынтык чыгарылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG