Өткөн жылы эки тараптуу келишимдин негизинде “Центерра Голд Инк” компаниясы Кыргызстандын казынасына 100 миллион доллар өлчөмүндөгү салык төккөн. Бул тууралуу аталган компаниянын президенти Стив Ланг Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен бүгүнкү жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы “Кумтөр” алтын кенине 200 миллион долларга жакын инвестиция салынган. Бул жылы да ушундай эле көлөмдөгү инвестицияны тартуу аракети жүрүп жатат. Өз кезегинде спикер Акматбек Келдибеков “Кумтөр” боюнча эки тарап ортосунда түзүлгөн акыркы келишимдин маанилүүлүгүн белгилеп, компаниянын акциясынын 33 пайызы Кыргызстанга тиешелүү болгондуктан, акциялардын баасы байкоого алынып турарын билдирди. (KKs)