Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Дарыгерлердин маянасын жогорулатуу маселелери талкууланат


Бүгүн Бишкекте медицина кызматкерлеринин профсоюз уюму дарыгерлердин маянасын жогорулатууга байланышкан маселелерин талкуулайт. Анда айлыкты көтөрүү боюнча бир катар сунуштар айтылат. 19-январда премьер-министр Алмазбек Атамбаев өкмөттүн биринчи кеңейтилген жыйынында мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданий кызматкерлердин маянасы 1-майдан тарта кеминде 2,5-3 эсеге жогорулай турганын билдирген. Өкмөт башчы айлык акыны жогорулатуу үчүн 10 миллиард сом ички булактардан табылганын “Азаттыкка” маалымдаган. Анын айтымында, айлык маселелерин толук чечүү үчүн эми дагы ушунча суммадагы каражат керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG