Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

Венгрияда басма сөз боюнча жаңы мыйзамга каршы нааразылык акциялары өтүп жатат


Будапешттеги кечээги митинг учурунда бир нече миң адам өкмөттөн укук коргоочулар, журналисттер коомчулугу, Евробиримдик сынга алган мыйзамды жокко чыгарууну талап кылышты. Ушуга окшогон нааразылык акциялар буга чейин да болгон.

Венгриянын жаңы мыйзамы массалык маалымат каражаттарынын катталуу эрежесин татаалдаштырат, медиа рынокту көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын ыйгарым укугу кеңейтилет. Көптөр бийликтеги ФИДЕС партиясы мыйзамды өз саясий кызыкчылыгында пайдаланабы деп кооптонушууда. Венгрия – Евробиримдиктин учурдагы төрагасы.

XS
SM
MD
LG