Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Адам укугу коомдук институт түзүлүшү мүмкүн


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 28-январда өлкө башчысы Роза Отунбаева менен жергиликтүү укук коргоочулар жолугуп, анда алардын айрымдары президенттин алдында адам укуктарын коргоо боюнча коомдук институтту түзүү боюнча демилгени карап көрүүнү өлкө башчысына сунушташты.

Жолугушууда Кыргызстанда укук коргоо жаатындагы мыйзам бузуулар жөнүндө сөз болуп, президенттин тиешелүү структураларына укук бузулган учурлар боюнча материалдарды беришти.

Бир катар укук коргоочулар Кыргызстанда маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселесине басым жасашып, расмий бийлик өкүлдөрүн маалыматтык боштукту болтурбай, калкка өз убагында толук маалымат берүүгө шарт түзүүгө үндөштү.

Өз сөзүндө президент Отунбаева Кыргызстандагы күчтүү атуулдук коом менен бийликтин ар кайсы бутактарынын кызматташуусу зарыл экендигин белгиледи. (KKs)

XS
SM
MD
LG