Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

Дарыгерлердин айлык акысы талкууланды


Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин өкүлдөрү айлык акыны көтөрүү боюнча өкмөткө жөнөтүлө турган кайрылууга кошумча-алымчаларын киргизишти.

28-январда Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө бир катар медицина кызматкерлери мамлекетти жарандардын алдындагы социалдык милдеттерин так аткарууга үндөп, айлык акыны жана жөлөк пулдарды минималдык керектөөчү куржундун деңгээлине жеткирүү өңдүү сунуштарын билдиришти.

Мындан сырткары дарыгерлер бирлигинин өкүлдөрү бул маселелерди конструктивдүү мамиле менен тынч чечүү керектигин белгилешти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкандай, жакын арада дарыгерлердин кесиптик бирлиги бул кайрылуунун долбоорун толук иштеп чыгып, өкмөткө жөнөтүшмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG