Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 21:50

Германия: темир жол кырсыгында 10 киши өлүп, 30дай жарадар


Германиянын түндүк-чыгышындагы темир жол кырсыгында 10 киши өлүп, 30дай киши жарадар болду. Алардын арасында денесине оор жаракат алгандар бар.

Ишембинин кечинде Саксония-Анхалт аймагында Магдебургдан Халберштадтка бараткан жүргүнчүлөр поезди менен жүк ташыган поезд кагылышкан. Бир нече вагон темир жолдон чыгып кеткен.

Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG