Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Баткен: Облус прокуроруна каршы акция өтүп жатат


Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, ушул тапта Баткен шаарында областтык прокуратуранын алдында мурунку губернатор Султанбай Айжигитовдун 50дөй тарапкери чогулуп, прокурор Баймурза Жаанбаевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Алар Султанбай Айжигитовго каршы негизсиз кылмыш ишин козгоду деп облпрокурорду айыптоодо.

“Баткен таңы” гезитинин мурдагы баш редактору Абдихалил Акматов “облус губернатору Айжигитов 2006-жылдан бери куугунтуктап, кызматтан негизсиз бошоткон” деген арыз менен прокуратурага кайрылган. Баткен райондук сот аткаруу бөлүмү да Акматовду кайра кызматка орноштуруу жөнүндө соттун чечимин мурдагы губернатор аткарбай жатканын маалымдап, облустук прокуратурага чара көрүү сунушу менен кайрылган. Бул арыздардын негизинде Баткен облустук прокуратурасы 15-январда губернатор Айжигитовго Кылмыш-жаза кодексинин 143, 304, 338-беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

20-январда өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин жардыгы менен Султанбай Айжигитов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Арзыбек Бурканов губернатор болуп дайындалган. (EBM)

XS
SM
MD
LG