Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Жалал-Абадда Санжар Бакиевди соттон актоону талап кылышууда


Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, азыр Жалал-Абад шаарындагы “Эркин-Тоо” аянтында Санжар Бакиевдин 30дан ашык тарапкери нааразылык акцияга чыгышты. Алар “Санжар Бакиевди ак жерден торго чалбагыла, ал саясий кылмышкер эмес, сот чечимине каршыбыз” деген жазууларды кармап турушат. Чогулгандарга облустук бийликтин өкүлдөрү чыгып жолуга элек.

Кечээ, 1-февралда, Чүй облустук соту мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын баласы Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыратып, 50 миң сом айып пул төлөтүү тууралуу өкүм чыгарды. Аны менен кошо кармалган Бектурсун Келдибековду 8 жылга, Базарбай Арзыгуловду 4 жылга эркинен ажыратуу өкүм кылды, экөө тең 50 миң сом айыпка жыгылды. Ал эми Замир Нуриев 3 жыл менен Мирлан Ахмедов 2 жыл шарттуу кесилип сот залынан бошотулду.

Мамлекеттик айыптоочу Санжар Бакиевди 25 жыл эркинен ажыратууну суранган.

Мурдагы президенттин тууганы Санжар Бакиев баштаган беш адамга былтыр 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Айыпталып жаткандар сот өкүмүнө макул эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG