Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Египеттеги кырдаал мунайды кымбаттатты


Жоокерлер президент Мубарактын жактоочуларын Тахир аянтына өткөрбөй тосууда. Каир, 2-февраль 2011
Жоокерлер президент Мубарактын жактоочуларын Тахир аянтына өткөрбөй тосууда. Каир, 2-февраль 2011

Египет тышкы базарга мунай сатпайт. Бирок өлкөдө өткөн жумада башталган саясый кризис дүйнөлүк базарда мунайдын наркынын өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизди.

Атап айтканда, бир баррель же 159 литр чийки мунайдын баасы эл аралык базарда бир жума ичинде беш процентке жогорулап, 100 долларга чыкты.

Суэц каналы аркылуу дүйнөлүк керектөөнүн жана мунайдын 10 проценти ташылат.



Суэц каналынын саясый мааниси

Египеттеги саясый кырдаалдан улам мунайдын кымбаттоосун өткөн жумага салыштырганда дүйнөлүк базарда кара май аз сатылып калды деп боолгосо да болот. Бирок мындай дегенибиз
Мектеп окуучулары Суэц каналынан өтүп бараткан АКШнын "USS Mahan" согуштук кемесин тамаша кылышууда. Исмаилия шаары. 16-март 2009
жаңылыштык болор эле. Анткени, Египетте күнүнө 750 миң баррель кара май өндүрүлүп, анын баары өлкө ичинде керектелет.

А мунайдын баасынын өсүшүнө Египеттин географиялык орду өбөлгө болду. Симон Хендерсон Вашингтондогу Чыгыш саясаты борборунун талдоочусу. Анын “Америка авазы” радиосуна айтышынча:

- Египет стратегиялык жайда жайгашкан. Суэц каналы Египет аркылуу өтөт. Кызыл деңизди Жер ортолук деңизи менен туташтырган маанилүү мунай боросу да ушу жерден өтөт. Мунай базары ушу боро жолдор үзүлөт деп чочулоодо. Ошондуктан, бу жерде эч нерсе болбой жатып, мунай базарында нарк көтөрүлдү. Себеби алар коркунучту сезишүүдө.

Деген менен Азия менен Европаны бириктирген эң кыска жол- Суэц каналы ачык турат. Ал аркылуу дүйнөлүк керектөөнүн жана мунайдын 10 проценти ташылат. Александрия шаарынын жанындагы терминалдан күнүнө кемелерге 2,5 миллиард баррель мунай жүктөлөт. Анын дээрлик баарысын Европа пайдаланат. Египеттин аскерий жетекчилиги каналдан кемелер ырааттуу өтөт деп кепилдик берди. Ага карабай, кээ бир
Ирактын түштүгүндөгү мунай куурларынын бири. 16-январь 2011
компаниялар жүктү Африка тумшугу менен ташый баштаганы маалымдалууда.

Тунис илдети Жакынкы Чыгышты тооруганы турат

Мунайдын кымбаттоосуна Суэц каналынан да Египеттеги кырдаал Перс булуңундагы ири мунай экспорттоочу өлкөлөргө жайылып кетет деген кооптонуу чоң түрткү берди. Мындай пикирин Кипрде чыкчу мунай соодасына адистешкен “Middle East Economic Survey” журналынын талдоочусу Дэвид Кнотт “Азаттыкка” билдирди:

- Бу жерде (Суэцте) анча көп мунай жоголбойт. Баанын жогорулашы Египеттеги кризис бир кыйла кеңири аймакка жайылат деген тариздеги кооптонууга байланышкан. Тунистин өкмөтү кетти, Египетте да ошондой болушу ыктымал. Ошон үчүн үргүлжү саясый проблемалар каптап кирсе, мунай менен камсыздоодо жана дүйнөлүк экономикада чоң проблемалар жаралат деген чочулоолор болууда.

Ырас эле, Тунистин президентинин өлкөнү таштай качуусу коңшулаш Египетти, андан ары Иорданияны, Йеменди, атүгүл Сауд Арабиясын да козголтту. Өткөн жумада Жиддахтын көчөсүнө жүздөгөн адамдар чыгып, өкмөттүн суу ташкында жабыркаган аймакка татыктуу көмөк көрсөтпөгөнүнө нааразылык билдиришти. Саудиялыктар да жүрүштү уюштурууда Египеттегидей эле уюлдук телефондорду пайдаланды. Полиция ондогон адамдарды кармап, акцияны ыкчам токтотту.

Жакынкы Чыгыштагы жагдай Абу Даби, Кувейт, Амман жана Эр-Рияддин баалуу кагаздар базарынын кунун бир кыйла качырды. Перс булуңунун бизнес борбору - Дубайдын фондулук базарындагы акцяилардын наркы жекшемби күнү 4 процентке ылдый түштү.

Мунайдын баасынын өсүшүнө АКШнын экономикасында 2010-жылдын төртүнчү кварталындагы 3,2 проценттик өсүү, быйыл январда 190 миңдей жаңы жумуш орундарынын түзүлгөнү тууралуу кабар да өз таасирин тийгизди. Мындан тышкары Кытай, Индия, Германияда экономиканын арышы басаңдабай өсөт деген ишеним да мунайга керектөөнү көбөйтөт, демек кара майга талап өсөт деген ишенимди жаратты. Бул албетте кара майдын наркынын кымбаттоосуна алып барды.

XS
SM
MD
LG