Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Орусия: Домодедоводогу жардырууга шектүүлөр кармалды


Орусиянын күч органдарынын жогорку жетекчилеринин айтуусунда, 24-январда Москванын Домодедово аба майданында жардырууга шектелген бир канча киши кармалды.

Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников "кармалгандар жардырууну пландоого жана ишке ашырууга тиешеси барлар", дейт. Орусиянын бийлиги бул жардырууну "террордук чабуул" катары баалаган.

24-январда Москвадагы Домодедово аэропортунун эл аралык жүргүнчүлөр келген бөлүгүндө жанкечти бомба жардырып, анда 36 киши өлүп, 180дей жарадар болгон.

Жардырууну иликтегендер жанкечти 20 жаштагы кавказдык жигит экенин аныктаган. Буга чейин эч бир тарап жардырууну мойнуна алган жок.

XS
SM
MD
LG