Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Казакстанда "ал-Жазиранын" кабарчысы кармалды


Англис тилиндеги араб сыналгысынын кабарчысы Симон Островский "Азаттыкка" билдиргендей, оператор экөөнү Алматыда 3-февралда убактылуу камак жайынын алдынан, камактагы өзбек качкындарынын аялдары менен маектешип жатканда кармап кетишти. Островскийдин айтымында, тартип коргоочулар анын тасмасын тартып алып, Казакстанда эмне кылып жүргөндүгү тууралуу түшүндүрмө жаздырып алгандан кийин экөө тең бошотулду. Алар менен кошо кармалган эки өзбек аялды да кое беришти. Бирок тартип коргоочулар Островскийге тасмасын кайтарып берүүдөн баш тартышты. Лондондон оператору менен апта башында келген Островский кечээ аны убактылуу камак жайына "сүйлөшүүгө" чакырышканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG