Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Бишкекте Исхак Масалиевди колдогон митинг өтүүдө


Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында Коммунисттер партиясынын мурдагы төрагасы Исхак Масалиевди колдогон 100гө чукул адам митингге чыкты. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, митингчилер Исхак Масалиевди актоону талап кылып, талаптары аткарылбаса башка чараларга барышарын белгилешүүдө.

Ушундай эле талап менен чыккан 300дөн ашуун адам катышкан митинг Баткен облусунун Кадамжай районунун администрациясынын алдында да уланууда. Митингдин катышуучуларынын бири Жыргалбек Абсатаровдун “Азаттыкка” айтымында, Алар талаптары аткарылбаса Бишкекке жөө жүрүшкө чыгууну болжошууда.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевдин ишин кароону 14-февралда улантат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ү.Сыдыков менен И.Масалиевге карата былтыр 12-13-май күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну, бийликти басып алууну пландашкан деген айып тагып, кылмыш ишин козгогон болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG