Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:48

“Манас” Транзиттик борбору менен күйүүчү май тууралуу келишимге кол коюлат


Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Арлан Осмонжановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча келишимге Кыргызстан тараптан энергетика министри Аскарбек Шадиев кол коет. АКШнын “Манас” Транзиттик жүк ташуу борбору менен күйүүчү май сатуу боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, парламенттер аралык кызматташуу комитети менен Отун-энергетика жана кен иштетүү комитети колдоп берген.

Энергетика министри Аскарбек Шадиев парламентте сүйлөгөн сөзүндө "жаңы келишим транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыз кылууда коррупциялык схемаларга бөгөт коет",-деп билдирип, келишимди аткаруудан өлкө бюджетине болжол менен жыл сайын 50 миллиондон ашык доллар түшөрүн маалымдаган. Жаңы келишимге ылайык, “Манас” аэропортунда мамлекеттик күйүүчү май куюучу комплекс АКШнын транзиттик борборун 50 пайызга чейин күйүүчү май менен камсыздай алат.
Пентагон өткөн жылдын ноябрь айынын башында "Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камыздоону Гибралтарда катталган “Мина Корп” компаниясына берген. Президент Роза Отунбаева “Мина Корп” мурунку бийликтин тушунда коррупцияга жол берген деп айыптап, АКШнын Коргоо министрлигинин бул ишкана менен кайрадан келишим түзүшүн катуу сынга алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG