Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

2011-жылдын бюджет долбоору боюнча парламенттик угуу болот


Парламенттик угууну Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Евробиримдиктин жана ПРООНдун көмөгү менен уюштурууда. Парламенттин жыйындар залында өтө турган жыйынга депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.

2011-жылкы бюджеттин чыгашасы 89 миллиард сом, кирешеси 68 миллиард сом, тартыштыгы 21 миллиард сомду түзөт. Республикалык бюджеттин жаңы параметрдеги долбоору 26-январда өкмөт жыйынында жактырылган.

Республикалык бюджеттин быйылкы долбоору парламенттеги бир катар комитеттердин кароосунан өттү, бюджет долбоору Жогорку Кеңештин жалпы отурумунун кароосуна 10-февралда чыгарылмакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG