Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:38

Орусия Жапония менен талашып жаткан аралдарга курал жөнөтөт


Орус президенти Дмитрий Медведев Жапония менен талашка коюлуп жаткан Курил аралдарынын коопсуздугун күчөтүш үчүн кошумча аскерий техника жиберүүнү буйруду. Анын алдынан бир нече күн мурда Жапониянын премьер-министри Наото Кан орус президентинин Курилге сапарын “кечирилгис кадам” деп атаган эле.

Кечээги жыйында президент Медведев: "Бул аралдар Орусиянын аймагына карай турганын, ал жакка биздин суверенитет, биздин укук толук таркатылаарын баары түшүнүшү лаазым. Ошондуктан биз ал жактагы таасирибизди кеңейте беребиз. Бул – биздин стратегиялык линиябыз", - деп айтты.

Курил аралдарын советтик аскерлер 1945-жылы басып алышкандан бери эки өлкөнүн алакаларында бул башкы проблема катары эсептелүүдө.

XS
SM
MD
LG