Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Жогорку Кеңеш 2011-жылдын бюджетин талкуулай баштады


Ушул тапта депутаттар Экономикалык жөнгө салуу, Улуттук банк жана Каржы министрлигинин маалыматтарын угууда. Улуттук банктын төрайымынын милдетин аткаруучу Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, ушул жылы инифляция 10% болору күтүлүүдө. “Ушул багытта өкмөт жана Улуттук банк аракеттерди көрүүдө”,-дейт ал. 2010-жылдын соңунда инфляция 19,2 % түзгөн.

9-февралда 2011-жылдын бюджетинин долбоору парламенттик ачык угууда талкууланып, айрым экономисттердин, жарандык коом өкүлдөрүнүн сынына кабылган. Алар бюджет долбоор чала иштелип, көп каражат мамлекеттик администрация жана аткаминерлерге бөлүнгөнүн белгилешкен. Жаңы параметрдеги бюджеттин чыгашасы 89 млрд. сом, кирешеси 68 млрд. сом, тартыштыгы 21 млрд. сомду түзөт. Айрым бейөкмөт уюмдар Жогорку Кеңеш депутаттарын бюджетти бул калыбында кабыл алуудан баш тартууга чакырышууда. Өкмөт мүчөлөрү бул жылы чыгашаларды кыскартууга аракет көрүлөрүн белгилеп жатышат.

Республикалык бюджеттин жаңы параметрдеги долбоору 26-январда өкмөт жыйынында жактырылып, парламенттеги бир катар комитеттердин кароосунан өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG