Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

“Кабар” агенттигинин жетекчиси алмашты


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен “Кабар” маалымат агенттигине Кубанычбек Таабалдиев (Абдымен) жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров кабарлады. Анын айтымында, мындай чечим агенттиктин мурдагы жетекчиси Жыргалбек Турдукожоевдин башка кызматка кеткенине байланыштуу кабыл алынган.

21-январда “Кабар” маалымат агенттигинин журналисттери Жыргалбек Турдукожоев менен иштеше албай тургандыктарын айтышып, иш ташташкан. Алар жетекчи айрым негизсиз чектөөлөрдү коюп келгенин билдиришип, анын кызматтан алууну талап кылышкан. Мындай кайрылууну президентке, премьер-министрге жана Жогорку Кеңешке жолдошкон. Агенттиктин жамааты менен президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бул маселе караларын билдирген. Ал эми Ж.Турдукожоев кызматкерлер койгон дооматтар негизсиз экенин “Азаттыкка” белгилеген болчу. Анын кайсы кызматка кеткени азырынча айтыла элек.

Кубан Абдымен буга чейин өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүн башкарып турган. 2000-2006-жылдары "Кабарды" жетектеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG