Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Чүй облусунун казысы алмашты


Муфтияттын дин кызматкерлери менен болгон жыйынында Чүй облусунун казылык милдетин аткарып келген Руслан Жумагуловду кызматынан бошотуу чечими чыкты. Мындай чечим өткөн жылдын жай айында Чүй облусунун имамдары, аксакалдары жана дин кызматкерлеринин облус казысына боюнча жазган арызы каралгандан кийин кабыл алынды. Дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, жыйынга катышкан дин кызматкерлеринин добуш берүүcү менен Чүй облусунун жаңы казысы болуп Чынкожо Дөөлөтканов, орун басарлыгына Жараш ажы Жакеев бекитилди. Ошондой эле Мажидин Толубаев өз арызынын негизинде муфтийдин орун басарлык кызматынан кетип, анын ордуна Саясат ажы Асанов дайындалды. (KKs)

XS
SM
MD
LG