Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Ирландияда Балкыбековго качкын макамы берилгени кабарланууда


Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ирландия расмий билдирбесе да Кыргызстандын мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбековго качкын макамы берилгени тууралуу прокуратурага кабар түшкөн. Мындан улам Башкы прокуратура бул маалыматтын чын-төгүнүн тактоо максатында Ирландияга кайрадан билдирүү жөнөттү.

Эл аралык издөө салынган Балкыбеков 26-январда Ирландиянын Дублин шаарындагы тууганынын үйүнөн Интерполдун кызматкерлери тарабынан кармалганы кабарланган. Эки күндөн кийин Башкы прокуратура аны Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчүн Ирландияга жөнөткөн. Апрель окуясынан кийин мурдагы энергетика министрине мыйзамсыз иш-аракеттерди кылган деген айыптар тагылып, ага эл аралык издөө жарыяланган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG