Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:47

Уюшма кылмыш топтун мүчөсү делген адам кармалды


Жалал-Абад шаарында уюшма кылмыш топтун мүчөсү делген адам 8 миң жасалма сом менен колго түштү. Тинтүү учурунда жасалма акча жасоочу жабдуулар да алынды. Облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, кармалган Буниед Арапов мурда соттолгон жана “кара Айбек” деген ат менен таанымал Айбек Мирсыдыковдун бир тууганы Аваз Мирсыдыковдун уюшма кылмыш тобунун активдүү мүчөсү.

Кыргызстанда учурда баардык аймактарда уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрү делгендерди кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Ички иштер министрлиги февраль айынын башына бери мындай топтордун 30дан ашуун мүчөсү колго түшкөнүн кабарлаган. Президент Роза Отунбаева Бишкекте Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында өлкөнүн коопсуздугу үчүн уюшма кылмыш топтору чоң коркунуч туудуруп калганын бидирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG