Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Ноокенде алдамчылык кылды делгендер кармалды


Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда “пирамида” ыкмасы менен алдамчылык кылган деп үч адам айыпталып жатат жана алардын экөөнү райондук ички иштер бөлүмү камакка алды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул үч адамдын бири-бири менен байланышы жок. Кармалгандардын бири Гүлнур Керезова жеке ишкер катары лицензия алган. Керезованын үстүнөн арызданып 1300дөн ашуун адам кайрылган жана алдап алды деген каражат алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 миллион доллардан ашат. “Алданып калган жарандардын баары толук кайрыла элек, ошондуктан бул сумма дагы көбөйүшү ыктымал”, дейт Т. Сусунбаев. (EBM)

XS
SM
MD
LG