Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Сүйүшкөндөр Ыйык Валентин күнүн белгилеп жатышат


Христиан календары боюнча бүгүн Ыйык Валентин күнү белгиленүүдө. Алтайдын симфоникалык оркестри бул күнгө карата Ромео жана Жульета балетинен үзүндүлөрдү, башка классикалык чыгармаларды аткарат. Таиланддагы Паттайя курортунда 14 түгөй өбүшүү марафонуна катышмакчы. Японияда Валентин күнүндө адатта аялдар эркектерге шоколад, эркектер болсо гүл белекке беришет. Кыргызстанда да жакындан бери сүйгөндөр үчүн ар кандай кече, концерттер уюштурулуп келет. Ал эми айрым мусулман өлкөлөрдө Валентин күнүн белгилөөгө тыюу салынган. Өзбекстанда чыгуучу “Түркистан” гезити “сүйгөндөр” күнүн популярлаштыруунун артында “шайтан күчтөр” турат деп 12-февралдагы санында жазып чыкты. Өткөн аптада Казакстанда жаштардын тобу “чет жактан” таңууланган майрамга каршылыгын билдирип, Валентин күнү менен куттуктаган открыткаларды айрып салышты.

XS
SM
MD
LG