Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Р.Казакбаев Британиянын элчиси менен жолугушту


Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн Бишкекте Улуу Британиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Дэвид Моран менен жолугушту.

Жолугушуу маалында эки тараптуу кеңири кызматташтык тууралуу сөз болуп, аны мындан ары тереңдетүү маселеси талкууланды. Эки өлкөнүн соода-экономикалык алакаларын жакшыртуу, Кыргызстандын айыл-чарба, отун-кубат (энергетика), билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына инвесторлорду тартуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Элчи Дэвид Морандын айтымында, быйыл июль айында Кыргызстанга Улуу Британиянын соода-экономикалык миссиясын аркалаган делегациясы келмекчи. Делегациянын курамына парламент өкүлдөрү жана ишкерлер да кирмекчи. (IJz)

XS
SM
MD
LG