Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Беларуста президенттик шайлоодон кийин камалгандардын соту башталууда


Кошмо Штаттар менен Европа Биримдиги полиция 19-декабрдагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциясына катышкандарды ур-токмокко алып, күч менен таратканына байланыштуу беларус бийлигине каршы санкция киргизген.

Вашингтон менен Брюссель 1994-жылдан бери бийликте турган Лукашенкону камактагылардын баарын бошотууга чакырган эле. Оппозициянын үстүнөн кылмыш иши козголгон 30дай активистинин бири Василий Парфенковдун ишин расмий өкүлдөрдүн айтымында, Минскинин райондук соту бүгүн карап баштаган жатат.

Массалык башаламандыкка катышканы үчүн айыпталган Парфенков сегиз жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Ал эми калган айыпкерлер сотко качан алынып келээри азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG