Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Акыйкатчы абактагы аялдардын абалы менен таанышты


Бүгүн акыйкатчы Турсунбек Акун Чүй облусундагы Степное айылында жайгашкан аялдардын жалгыз жаза өтөө жайында болуп, ал жактагы аялдардын абалы менен таанышып чыкты. Учурда аялдардын бул абагында 283 аял жаза мөөнөтүн өтөшүүдө. Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, аялдар абагындагылардын дээрлик 80 пайызы тагылган айыптарды моюнга алышпасын айтышат. Акыйкатчы жакын арада бул абакка өз өкүлүн жиберип, “жаза мөөнөтүн өтөп аткан аялдарга карата акыйкат чечим болгонбу же жокпу” деген негизде териштирүү иштерин баштарын айтууда. Бул тууралуу акыйкатчы менен бирге аялдар абагына кирип чыккан “Азаттыктын” кабарчысы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG