Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Бишкек-Стамбул багытында жаңы аба каттам ачылат


Ушул жылдын 7-мартынан тарта Бишкек-Стамбул жана Стамбул-Бишкек каттамы боюнча Kyrgyz Airways компаниясы уча баштайт. Бул маалыматты аталган компаниядан “Азаттыкка” тастыкташты. Ага ылайык компаниянын учактары бир жумада эки жолу Стамбул шаарына каттап турмакчы. Буга чейин Бишкек менен Стамбул ортосунда “Түркия аба жолдору” компаниясы гана учуп келген. Түркияда окуп жаткан бир катар кыргызстандык студенттер аталган каттам боюнча бир гана компания учканы үчүн билет баасы жогору болгонун айтышып, өкмөттөн жардам сурап келишкен.

Ушул жылдын январь айында кыргыз өкмөтү бул каттамдагы учак бааларын арзандатып, жаңы катам ачуу үчүн Түркиялык "Пегасус" аба компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. “Пегасус” тарап бул сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаганын кабарлаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG