Бүгүн бир нече шаарда акциялардын катышуучулары саясий реформаларды жана падышанын ыйгарым укуктарын чектөөнү талап кылышты. Рабат жана Касабланка шаарларындагы демонстрациялар тынч өттү. Жаштар Фэйсбук аркылуу 20-феврал деген топко биригип, тынч демонстрацияларга чыгууга үндөшүүдө. Топтун мүчөлөрү падышанын ыйгарым укуктарын чектеген жаңы конституциянын кабыл алынышын талап кылышууда.