Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Ысык-Көлдө уюшма кылмыш топтун мүчөсү делген 5 адам кармалды


Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Кармалгандарга мыйзамсыз курал-жарак, маңзат алып жүргөн деген айып тагылып кылмыш иштери козголду. Алардын айрымдары мурда соттолгон, же жасаган кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн. Азыр ИИМдин баардык бөлүмдөрүндө уюшма кылмыш топторго каршы операциялар жүрүп жатат. Маалыматка караганда, учурда мындай топтордун активдүү делген 50дөн ашуун мүчөсү колго түштү, он чактысына издөө жарыяланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG