Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Муаммар Каддафиге кысым көрсөтүү ичтен да, сырттан да күчөдү


Колчатыр менен калкаланган Муаммар Каддафи. 2011-жылдын 22-февралы. AFP PHOTO/HO/AL-ARABIYA
Колчатыр менен калкаланган Муаммар Каддафи. 2011-жылдын 22-февралы. AFP PHOTO/HO/AL-ARABIYA

Ливиянын лидери Муаммар Каддафи алтүндө мамлекеттик сыналгы каналдан 20 секунддай көрүнүп, “эч жакка кеткен жокмун, чет элдик маалымат каражаттарына ишенбегиле” деди. Шейшембиде Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынында Ливиядагы кризисти талкууламакчы.


Колчатырчан Каддафи

22-февралга караган түнү Муаммар Каддафи жаан астында колчатырын кармап алып, машинесине кирип кетип, күбүрөнүп жалгыз отурганын өткөн түнү дүйнөлүк сыналгы каналдар улам-улам көргөзүп жатышты.

Мен Триполидемин, Венесуэлага кеткен жокмун. Иттердин буйругун аткарган сыналгы каналдарга ишенбегиле. Мен Жашыл аянтта чогулган жаштарга кайрылып сөзүмдү айтайын дедим эле, жаан башталып кетти. Иншалла, бул жакшы белги!” - деди мукактана, 41 жылдан ашуун бийлиги тушунда эң ири элдик толкундоого туш болгон Ливия лидери.

Анын алдында эле Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Каддафи Венесуэлага жол тартты деген маалымат алганын кабарлаган.

Шейшембиде (22-февралда) Ливиянын бир катар лоялдуу, же бийликке жан тарткан өкүлдөрү кызматынан чегинип, өлкөнүн Индия, Араб Лигасындагы жана дагы бир катар элчилери мындан ары Каддафинин режимин колдобой, эл тарапта болорун жар салышты.

Ливиялык эки аскердик учкуч Мальтага качып өтүп жансоога сурап, аба күчтөрү демонстранттарды бомбалоого буйрук алганын, өздөрү андай буйрукту аткаруудан баш тартып ушул кадамга барганын билдиришти.

Башкалаа Триполиде жана миңдеген демонстранттар чогулган эки чоң шаар – Бенгази менен ал-Байдада аскердик учактар аэропорттун тегерегин жана эл жыйналган жерлерди абадан аткылап жардырышты.

Мындай зомбулук чара үчүн Ливиянын бийликтери эл аралык коомчулуктун каарына кабылды.

Укук коргоо уюмдары 15-февралдан бери Ливияда 400дөн ашуун адам набыт болуп, дагы жүздөгөн киши жараат алганын кабарлап жатышат.

Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши шейшембиде кечинде чукул жыйынында Ливиядагы кризисти талкууламай болду.

Анын алдында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Ливиянын бийликтери демонстранттарга согуштук учактардан, асмандан ок ачканын айыптап, бул “акылга сыйбаган аракет дароо токтотулушу зарыл” экенин белгиледи.

Ливия өзү ушу тапта төрагалык кылган Арап өлкөлөрүнүн Лигасы да шейшембиде кечинде шашылыш кеңешме өткөрмөй болду.

Чет элдик дипломаттар көчөгө чыккан элдин амандыгын ойлоп, Бириккен Улуттар уюмун Ливиянын аба мейкиндигин учууга тыюу салынган аймак деп жарыялоого үндөштү.

Ливиянын БУУдагы элчисинин орун басары Ибрахим ад-Дабаши Ливия лидеринин уулу сыналгы каналдан элди коркутканы калкты ого бетер кыжырдантканын белгиледи.

Ливиядагы окуяларды көрүп туруп, кечээ Муаммар Каддафинин уулу элге каршы иш жүзүндө согуш жарыялаганын угуп билген соң, мындан ары унчукпай тура албайбыз деп чечтик. Ливия элинин добушун дүйнө коомчулугуна жеткирүү - эми биздин парзыбыз”, - деди ливиялык элчи.

Орусия Ливиядагы 500дөн ашуун жаранын шашылыш алып кетүүгө камданып, төрт учак жөнөтмөй болду эле, кийинчерээк өлкөнүн аба мейкиндиги жабык экенин тактады.

Жарандык согуш чыгып кетеби деп чочулаган миңдеген ливиялыктар деңиз жолу аркылуу Италиянын чек арасын көздөй агылганы кабарланууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG