Кыргызстанга Жарандык коргоо эл аралык уюмунун өкүлдөрү иш сапар менен келишти. Сапардын алкагында уюмдун өкүлдөрү 22-февралда Кыргызстандын чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев менен жолугушту. Аталган эл аралык уюм Кыргызстанга 3-январда гуманитардык жардам ирээтинде куткарып-сактоо иштери үчүн 23 даана техника жөнөткөн, ушул аптада жардамдын калган бөлүгү келмекчи жана анын жалпы баасы 3 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. (EBM)