Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Гаага соту Ливиядагы кан төгүүлөрдү тергейт


Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Ливияда адамзатка каршы жасалышы ыктымал делген кылмыштар боюнча алдын ала тергөө жүргүзүлө турганын жарыя кылды. Луис Морено- Окампонун 28-февралда Гаагада кабарчыларга айтышынча, анын кеңсеси ушу тапта Ливия лидери Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөрдүн 15-февралдан бери “карапайым элге жапырт же кайра-кайра кол салды деген маалыматтарды” текшерип жатат. Гаагадагы сот тергөөнү качан баштоо чагын чукул арада чечүүгө тийиш.

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Кэтрин Эштон айымдын маалымдашынча, БУУнун Ливияга каршы санкциясын аткаруу маселесин Биримдик бүгүн кечинде талкуулайт.

XS
SM
MD
LG