Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Мугалимдердин айлык-акысы 1-майдан эрте жогорулабайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, мугалимдердин профсоюзу талап кылгандай билим берүү кызматкерлерине 1-марттан тарта айлыктарын көтөрүү мүмкүн болбой жатат. Анткени, бюджетти пландаган маалда Каржы министрлиги 1-майдан тарта гана айлык-акыларды көтөрүүгө кошумча каражат тапкан.

Соңку кездери азык-түлүк кескин кымбаттап кеткенин, аларды да түшүнсө болоорун айткан министр, мугалимдер профсоюзундагы демилгечилер менен сүйлөшүүлөр жүрө турганын, баары бир бул боюнча бир пикирге келишерин билдирди. Ал ошондой эле “мугалимдерди башка бир күчтөр көкүтүп, уюштуруп аткан болуусу мүмкүн” деген сөздөргө кошулбасын, мугалимдер былтыртан эле ушундай талап коюп келатышканын, бирок алар кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылышат деп ишенээрин баса белгиледи. (IJz)

XS
SM
MD
LG