Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Ноокатта топтолгон элди милиция таратууда


Азыр Ноокатка барган кабарчыбыз Эрнис Нурматовдун айтымында, ушул тапта райондук администрациянын алдында чогулган 150гө чукул кишини милиция кызматкерлери таратууда. Шаардагы коомдук жайлар, дүкөндөр жабылды. Алардын айрымдары бүгүн тонолгон.

Бүгүн эртең менен райондук администрациянын алдына 500гө чукул киши чогулуп, Ноокат райондук салык инспекциясынын башчысы Сагынбек Алимбаевди өлтүрүүгө буйрук бергендер кармалсын деген талапты коюшкан. Белгисиз адамдар Сагынбек Алимбаевди өлтүргөн деп Ноокат шаарынын Калинин көчөсүндөгү бир тургундун үйүн өрттөп жиберген. Азырынча бул үй кимге тиешелүү экени тактала элек.

23-февралда Мирмахмудов айыл окуругунун аймагында “Лексус” үлгүсүндөгү унаанын ичинен 45 жаштагы Сагынбек Алимбаевдин сөөгү табылган. Анын көкүрөк жагына ок тийгени жана башынын арт жагына көп сокку урулганы аныкталган. Унаанын салонунан "Макаров" тапанчасынын эки патрону жана эки гильзасы табылган. Оперативдик иликтөөлөр боюнча Алимбаев менен акыркы жолу Илхом аттуу адам жолуканы такталып, андан кийин 25-февралда Оштун Фуркат участкасында Кара-Суу районунун Шарк айыл округунун үч тургуну кармалган. Алар Алимбаевди өлтүрүү ноокаттык ишкердин буйругу боюнча ишке ашканы жөнүндө көрсөтмө берип жатканы тууралуу кечээ Ош областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаган.(AzK)

XS
SM
MD
LG