Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

ЖК комитети “Жерүй” ишканасынын лицензиясын жокко чыгарууну колдоду


Мындай чечим бүгүн (1-мартта) Жогорку Кеңештин отун, энергетика жана кендерди пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды. Комитет төрагасы Азамат Арапбаевдин “Азаттыкка” тастыкташынча, депутаттык комиссия бир жарым ай бою “Жерүй” ишканасынын тегерегиндеги маселени иликтегенден соң ушундай чечимге келген.

Буга чейин аталган ишкананын директору Франза Шлоссер “Жерүйдүн” лицензиясы мыйзамсыз алынганын айтып парламенттин аталган комитетине кайрылган. Ошондон кийин бул маселени депутаттык комиссия иликтеп, комитет “Жерүйдүн” лицензиясын алып салуу боюнча өкмөттүн токтомун колдоду. А.Арапбаев ишкананын лицензиясын жокко чыгаруу чечимин кабыл алууга лицензиялык келишимдин шарттары “Жерүй” ишканасы тарабынан аткарылбаганы негиз болгонун кошумчалады. Ишкана кызматкерлери лицензияны жокко чыгаруудагы негизги жүйөлөр чындыкка коошпой турганын айтып келишкен.

Талас облусунда жайгашкан “Жерүй” алтын кени 1968-жылы ачылып, иштетүүгө алгачкы лицензия 1993-жылы берилген. Алтындын запасы жана аны ишетүүгө даярдыгы жагынан бул “Кумтөрдөн” кийин экинчи орунда турат. Адистердин эсептөөсүндө “Жерүйдөгү” алтын запасы 79 тоннадан ашуун деп айтылып жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG