Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

БУУ: Ливиядан күнүгө 15 миңдей адам кетүүдө


БУУнун Качкындар агенттиги Ливиянын Тунис менен чек арасында кырдаал өтө оор экенин, акыркы он күндө 75 миңдей адам Ливияны таштап кеткенин 1-мартта билдирди. Агенттиктин өкүлү Мелиса Флеминг айымдын маалымдашынча, дүйшөмбү күнү Туниске 14 миңдей адам өтсө, бүгүн 10-15 миңдей адам өтөт деп болжолдонууда. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Кытай жана Орусия Ливиянын аба мейкиндигинде учактар каттабоочу алкакты киргизүүгө ынтызар болбой турат.

Мурдараак Кошмо Штаттардын кемелери жана аба күчтөрү Ливияга жакындатылды жана Вашингтон Ливиянын 30 миллиард доллар капиталын тоңдуруп койгону маалымдалган. Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Ливиянын лидери Муаммар Каддафиге каршы күч колдонууну жактырган жок.

XS
SM
MD
LG