Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

Кунарлык оогандар НАТОго нааразы


Бүгүн (2-мартта) жүздөгөн оогандар Кунар провинциясында НАТОнун абадан чабуулунан тогуз баланын курман болгонуна нааразылык билдирген демонстрация өткөрүштү.

Күбөлөрдүн айтышынча, алар АКШ жана Ооган өкмөтүнө наалат айтышкан. Жергиликтүү бийликтин айтышынча, 1-мартта жети жана тогуз жаштын ортосундагы балдар тоодо отун чогултуп жүргөндө НАТОнун учактары аларды эрегишчи деп, жаңылыш бомбалап алган. НАТО окуя иликтенип жатканын кабарлады.

Президент Карзай бүгүнкү билдирүүсүндө элди жаңылыш бомбалоону токтотууну талап кылды. Эки аптадай илгери Кунарда НАТОнун аба чабуулунан жана аткылоосунан 60тан ашуун адам курман болгону маалымдалган.

XS
SM
MD
LG